Turmush — Аялдар үчүн төшөмөлөр стерилденгенби жана алардын микрофлорага таасири кандай?
Интим гигиенасы үчүн каражаттар инфекция чакыруусу мүмкүнбү жана жыпар жыт кошулган продукциядан чочулоо керекпи?
Миф №1: Жыпар жыт кошулган төшөмөлөр зыяндуу
Мындай ырастоону (пикирди) аялдар арасында маал-маал угуп жүрөбүз. Анда жыпар жыт кошулган төшөмөлөрдү колдонбошубуз керекпи? Эң жакшысы нейтралдуу эле каражат тандоо дурус, деген сыяктуу пикирлер коомчулукта айтылып келет.
А чындыгында кандай?
Кардарларга гигиеналык каражаттарды сунуштоодон алдын аны сөзсүз түрдө тестирлөөдөн өткөрүшөт, кеп аялдардын ден соолугу тууралуу болуп жатпайбы!
Андыктан сапаттуу каражат эч кандай зыян келтирбейт. Бирок бир БИРОК бар. Организмдин индивидуалдуу өзгөчөлүктөрүнө жараша өтө сезимтал терилерде чын эле аллергия реакциясы болуусу мүмкүн. Ошондуктан эгер сиздин териңиз аллергияга жакын болсо, анда сиз үчүн Sensitive маркировкалуу каражаттар мыкты тандоо болуп саналат. Bella соода маркасында мындай каражаттар бар.
Миф №2: төшөмөлөр инфекция чакырат
Ак ниет өндүрүүчү интим гигиенасы каражаттарын максималдуу түрдө (мүмкүн болушунча) коопсуз жасоого аракет кылат, андыктан төшөмөлөрдүн ичинде кандайдыр бир инфекцияны таратуучу коркунуч жашырынып жатпайт. Ал эми аялдар өздөрүнүн жеке гигиенасына көңүл бөлүүсү башка кеп: төшөмөнү бат-бат, ар бир 2-3 саатта алмаштырып туруу зарыл. Болбосо дискомфорт абалды жана жагымсыз жытты айтпай ак коёлу, теринин сезгенүүсү жана вагина (кын) микрофлорасынын бузулуусуна кабылуусу мүмкүн.
Миф №3: төшөмөлөр стерилденген (стерилдүү)
Эң кеңири жайылган миф – төшөмөлөрдүн стерилдүү экендиги тууралуу ырастоолор. А чындыгында андай эмес. Бирок ар бир төшөмө индивидуалдуу орогучта болуусу максатка ылайыктуу. Анткени мындай шарт аткарылган учурда, аялдын сумкасында жүргөндө да, үйдө сакталган учурда да продукция таза бойдон турат эмеспи.
Миф №4: төшөмөлөр микрофлорага таасир этпейт
Тилекке каршы, андай эмес. Төшөмөлөр микрофлораны бузушат, анткени алар негизинен бир нече катмар пластик (желим) материалдан тургандыктан, теринин «дем алуусуна» тоскоол болушат. Ошондуктан жеке гигиена каражатын бат-баттан өз убагында алмаштыруу өтө маанилүү.
Миф №5: төшөмөлөрдүн кырындагы көк оюк сызыгы — коргоочу катмар
А чындыгында мындай оюк сызык төшөмөнүн эң көп ным сиңирген бөлүгүн көрсөтүп турат. Анын үстүнө бул — маркетологдор тарабынан агындынын жайылуу зонасын көрсөтүү үчүн ойлонуп табылган ыкма.