Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусу, Нарын 18.02.2014 09:22

Нарындагы окуу жайда мекенге арналган сынак болуп өттү

Turmush -  Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы Нарын кыргыз-түрк лицейинде (НКТЛ) 23-февраль мекенди коргоо күнүнө жана Советтик армиянын Ооганстандын аймагынан чыгарылгандыгынын 25 жылдыгына карата «Эрдик сабагы»

өткөрүлүп, 10-11-класстын окуучуларынын ортосунда 10 тапшырмадан турган сынак болгондугун окуу жайдын аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими Жумабек Майсакеев аймактык кабарчыга билдирген.
Окуучулар менен жолугушууга күч органдарынын жана ооруктун облустук ардагерлер Кеңешинин төрагасы Таалай Ыдырысов, Ооган жана Баткен согушунун ардагерлери
келишип, окуучулардын суроолоруна жооп беришти. Ал эми, сынакка катышкан окуучулар пневматикалык мылтык менен ок атууну, каршылыктардан секирүүнү, автоматты чачып жана
чогултууну, таамай атууну көрсөтүшүп, мекенге арналган ырларды аткарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×