Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 17.02.2014 17:54

Ош шаарында Республикалык «Илим» техника жана өндүрүш жумалыгынын жыйынтыгы чыгарылды

Turmush -  Үстүбүздөгү жылдын 15-февралында балдардын «Келечек» чыгармачылык борборунда Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептерде Республикалык «Илим» техника жана өндүрүш жумалыгынын жыйынтыгы чыгарылып, өткөрүлгөн сынакка таланттуу балдардын иштери сунушталды.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдагандай, сынактын жобосуна ылайык, Ош шаарындагы 53 орто мектептердин окуучуларынын колунан жаралган «Жаныбарлар жылдыздардын аталышында», «Аалам чегине саякат», «Илим техниканын жетишкендиктери» темаларында сүрөт көргөзмөлөрү, кийиз, бисер, пайеткалар, сайма, күрүч, фасоль жана башкалар менен жасалган макеттер сунушталып, мыкты деп табылган иштер Республикалык интеллектуалдардын сынагына катышууга жана шаардык балдардын көргөзмөсүнө алынды.

Жумалыктын алкагында өткөрүлгөн мектеп окуучуларынын олимпиадасына Ош шаарынын командасынын атынан №4 Киров мектебинен Караев Кайрат, Киргизбаев Бексултан, №20 Раззаков мектебинен Эсенбаев Бексултан, №52 «Кыргыз Түрк достугу» мектебинен Бакытбек уулу Бексултандан катышышып, КРнын билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы жана атайын сертификат менен сыйланышты.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×