Turmush — Тагаев Бактыбек Исманалиевич Cүлүктү шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, анын бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрукка Сүлүктү шаарынын мэри Максат Кадыркулов 12-декабрда кол койгон.
Бактыбек Тагаев 1975-жылы Лейлек районунун Исфана шаарынын Чимген айылында төрөлгөн.