Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусу, Ош 17.02.2014 13:09

Ошто студенттер үчүн чет мамлекетте билим алуунун шарттары окутулууда

Turmush -  Ош шаарында студенттер үчүн Qlobal UQRAD программасынын негизинде семинар болуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Негизги максат - студенттер үчүн башка мамлекеттерде билим алуунун мүмкүнчүлүктөрүн үйрөтүү болуп саналат. Семинардын соңунда студенттер үчүн конкурс жарыяланып, конкурстан өткөндөрү Армения, Азербайжан, Беларусия, Казакстан, Молдова жана Россия Федерациясынын жогорку жана орто окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Qlobal UQRAD программасы АКШнын билим берүү жана маданият мамлекеттик департаменти тарабынан каржыланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×