Turmush — Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Бел-Алды айыл аймагынын 26 жаштагы тургуну Бакыткелди Тяньшанов мигранттык жашоосун өз айылында балык чарбачылык менен алектенүүгө алмаштырды. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Бакыткелди Тяньшановдун айтымында, айыл аймакта биринчилерден болуп балык чарбачылыгын колго алды. Бел-Алды суусуна жакын, таштактуу бош жаткан жерлерден 1 гектарга жакын жер алып, 50 сотыхтай жерин өздөштүрдү. Атайын оор техниканын жардамы менен чакан 7 көлмө даярдап, ушул жылдын июнь айында балыктын 2 миң уругун салган.
«Мектепти бүткөн соң эл катары мен деле Россияга кетип, мигранттык жашоону көрдүм. Акыркы 1 жылдан бери Чүйдөгү балык чарбаларына 3-4 күндө бир барып, алардын балыктарга жем чачкандарын, баккандарын көрүп, үйрөнүп жүрдүм. Быйыл өз айылыма келип, тобокелдикке салып жер алып, көлмө жасатып, балыктын 2 миң уругун салып көрдүм», - деди ал.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Turmush в Телеграм-канале подпишись!