Turmush — Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Арсы айылынын 70 жаштагы тургуну Аскар Дүйшөналиев үй-бүлөсү менен 30 жылдан бери үндүк багып келишет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
Аталган үй-бүлөдө «чёрный принц» тукумундагы 200гө чукул үндүк бар. Канатуулардын эркектери 10 килограммга чукул эт берет. Учурда үндүктүн этине суроо-талап көбөйгөндүктөн Кыргызстандын бардык аймагында канаттууларды баккандардын саны жыл санап өсүүдө.
«Айыл жеринде жашагандыктан мал чарбачылык менен гана электенебиз. Акыркы дээрлик 10 жылдан бери канаттуулардын этине суроо-талап көбөйө баштады. Жаштар чет өлкөлөрдөн жумуш издебей, ушул жактан эле иш баштап алса болот. Байкап көрсөм, үндүктүн кирешеси жакшы экен. Анткени жумурткасын, балапанын, өзүн да сатсаң акча болот.
Үндүк башка канаттуулардан айырмаланып, инкубатордун (жумурткалардан жөжө чыгаруучу аппарат) ролуна да аткара алат. Ага тоок, каздын жумурткасын салып, жөжө чыгарып алса болот. Эне үндүктү жакшы тандап алып, бир жайда 3-4 жолу бастырып алабыз. Бул учурда ургаачы үндүктү жакшы карап багуу керек», - дейт Аскар Дүйшөналиев.
Каарманыбыз үндүк багуудагы сырлары менен бөлүштү.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...