Turmush — 24 жаштагы Элмира Кылычбек кызынын өлүмү боюнча иш Жогорку сотко чейин жетти. Анын өлүмүнө айыпталган күйөөсү жазадан бошотулду.
- Айыпталуучу Сүйүндүк (аты өзгөртүлдү, А.С.А.) 1990-жылдын 17-октябрында Ош облусунда туулган, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон эмес, убактылуу иштебейт. Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну.
Буга чейин Turmush Ош облустук ички иштер башкармалыгына шилтеме берүү менен аталган окуя тууралуу жазган.
2021-жылы 21-май күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ынтымак айылынын 1967-жылы туулган тургуну Ю.К. Кара-Суу РИИБге оозеки түрдө кайрылган. Ал 9-апрель күнү Ынтымак айылында жашап жаткан 1995-жылы туулган кызы асынып алганын, бирок кызынын асынып алышына күмөн санап жатканын билдирген. Ю.К. кызынын асынып алганын күйөө баласы А.С. айтканын кошумчалаган.
Аталган факт 21-май күнү Кара-Суу РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Окуяга күбө болгон тургундардан көрсөтмөлөр алынып жаткан кезде арыздануучу Ю.К. Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматына ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Ошондуктан сотко чейинки өндүрүш иштери 28-июнь күнү Ош ОИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. 3-июль күнү Ош ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан маркум келиндин денеси көмүлгөн жерден казылып алынып, эксгумация жүргүзүлгөн.
Кийинчерээк маркум келиндин күйөөсү кармалган. Маркум 3 кыздын энеси болчу.
Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Сүйүндүк менен маркум — 1995-жылы туулган Элмира 2014-жылдын 24-августунда үйлөнгөн. Алар жашап баштаган күндөн тарта Сүйүндүк «Сен ар дайым кыз төрөйсүң» деген сыяктуу сөздөрдү айтып, ар дайым катаал мамиле жасап, кемсинтип, уят сөздөр менен акараат келтирип, токмоктоп жүргөнү аныкталган.
2015-жылдын апрель айынын орто чендеринде Сүйүндүктүн үйүнө жубайынын курбусу менен тай энеси келген. Ал себеби жок эле аялын оозго алгыс жаман сөздөр менен урушуп, кыйкырып, орой мамиле жасаган. Маркумдун курбусу менен тай энеси «Катуу кол экен, жаман экен» деп айтып, өз үйлөрүнө кетип калышкан.
2015-жылдын июнь айынын орто ченинде маркумдун курбулары анын үйүнө барышкан. Сүйүндүк аялын оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, «Сен малдарды карабайсың» деп катуу кыйкырып, орой мамиле жасаганда коноктор кетип калган.
2019-жылдын 19-мартында Элмира таякесинин туулган күнүнө барганда жолдошу телефон чалып урушкан. «Сен ушул бойдон тайнеңдин үйүнө 10 жылдан кийин барасың» деп айтып, оозго алгыс сөздөр менен урушкан.
2019-жылдын 9-апрелинде Сүйүндүк жубайын башка адамдардын көзүнчө «Сен чай демдеп бергиң келбесе, эмне себептен термосту алып келдиң?» деп тилдеп, бир нече жолу урган. Ал колундагы ысык термосту ага карай ыргытып жиберген. Ушул эле күнү саат 14:00дөн баштап 21:00гө чейин убакыттагы аралыкта талаадан келгенден кийин аялына зомбулук жасап, бир канча ирет тээп сабагандыгы аныкталган.
Бул окуялардан киийн Элмира 2019-жылдын 10-апрелинде өзүнүн үйүнүн короосунда асынып алган. 10-апрелге караган түнү саат 00:30 чамасында жолдошу таап, асынган жеринен түшүргөн.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча, маркумдун баш сөөгүнүн маңдай бөлүгүндө, оң жана сол бетинде, моюн тарабында, желкесинде, көкүрөгүндө, оң бутунун жоон санында, жамбаш бөлүгүндө, оң жана сол колунун билек муундарында көк ала так жана кандын уюганы бар экени аныкталган. Тирүү кезинде жумуру катуу нерсенин бир канча жолку таасиринен келип чыккандыгы, ал эми жумуру катуу нерселер болуп колдун муштуму, бут кийим кийилген бут жана башка нерселер болушу мүмүкүн экендиги аныкталган.
Сот отурумдарында айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Анын айтымында, окуя болгон күнү эртең менен жүгөрү айдаганы тракторист менен чогуу кеткен. Түштөнүү учурунда эки адам менен үйүнө барган. Жубайы бул учурда кир жууп отурган. Дасторконду өзү жайган. Трактористке чай демдеп берүү керектигин айтса, жубайы «Суу ичип алсын» деген. Бул учурда термосту ыргытса, сынып кеткен.
Үйүнөн саат 15:30 чамасында чыгып, талаага барган. Кайра үйүнө саат 19:30 чамасында келип, жумуштарын бүтүргөн. Досуна жардамдашуу үчүн унаасы менен талаага кетип, саат 00:30 чамасында жаан жаап, үйлөрүнө кайтышкан. Үйүнө келгенде мал сарайда жарык күйүп турганын көрүп, мал тууп жатабы деп ал жакка барганда аялы асылып турганын көргөн. Чуркап барып, «Бул эмне кылганы?» деп чечип түшүрүп, биринчи жардам көрсөткөн.
Андан кийин өз атасына, апасына телефон чалган. Кайын апасына да телефон чалып, алар 5 мүнөт өтпөй келип калышкан. Кайын агасы менен кайын энеси ыйлап туруп калышкан. Жубайын өзү үйгө алып кирип, жаткырган. Кайын энесине «Кызыңызды көрүңүз» дегенде шок абалда эмне кыларын билбей туруп калган. Ооруканага алып барып келгенден кийин кайын энеси «Кудай берди, өзү алды. Элдин алдында эмне болом, жаназа окулбай калат» деп кызын көргөн эмес.
«Атамдар аларга эртең сөз чыгып кетет, текшертип коюш керек десе, туугандарга айткыла баары жүрөгү кармап, каза болду десин дешкен», - деп көрсөтмө берди айыпталуучу.
Анын айтымында, аксакалдар алдында ачуу үстүндө уруп өлтүрүп койдум деп айтуусун, ошондо ишти жабууну сунушташкан. Бирок буга макул болгон эмес. Жубайы асынып алды деген жип ордунда калган, жаназадан кийин апасы алып койгон. Жубайынын сөөгү эксгумация болгон.
Айыпталуучу эч жакка качпаганын, күнөөсү жок экенин айтып, куру доомат коюлуп жатканын, кайын журту үйдүн жарымын алууну көздөп жатканын көрсөттү.
Маркум келиндин атасынын айтымында, кызын 2014-жылы турмушка узаткан. Окуя болгон күнү саат 16:00дө күйөө баласы барып, «ата, Элмира ооруп калды, биз сизди алып кеткени келдик, эки досум менен келдим, барбасаңыз болбойт» деген. Кызына тоого кетерден 2 күн мурда мүчөл жылы болуп, 24 жашка толгондуктан кийимге деп 2000 сом акча берген. «Кызым ооруп калдыбы же кырсыкка учурадыбы?» деп сураса, жакшы экенин айтышкан. Саат 17:00дө келсе, кудасы «Айланайын иним берип койдук, мен мындай келинди таппайм» деп ыйлап, бирок көзүнөн жаш чыккан эмес. Кудасы келини асынып алганын айткан.
Тажыяда отурганда кызы асынып алды делген жипти көрсөтүшкөн. Кайын журту келини жүрөгү кармап каза болгонун айта турган болушкан. 25 күндөн кийин кызынын кайын эжеси Элмиранын мойнуна, колуна кан уюп калганын, чекеси, жоон саны көк ала болгонун, тырмагы сыйрылып кеткенин көргөнүн айткан. Ал каза болгондон кийин ушундай болот окшойт деп ойлоп калганын айтып, ишти кайрадан тергөөгө жөнөтүүнү суранган.
Сүйүндүк Кара-Суу райондук сотунун 2021-жылдын 30-июнундагы өкүмү менен Жазык кодексинин 136-беренесинин 1-бөлүгү (этиятсыздыктан жабырлануучунун өзүн-өзү өлтүрүүгө же өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылууга алып келген, адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу зомбулукту колдоном деп коркутуу же катаал мамиле кылуу же жеке кадыр-баркын ар дайым кемсинтүү) менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыратылган.
Ал мунапыс алып, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазадан бошотулган. Сот залынан камактан бошотулган.
Ош облустук сотунун соттук коллегиясынын 2021-жылдын 14-декабрындагы өкүмү менен Кара-Суу райондук сотунун 2021-жылдын 30-июнундагы өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.
Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Жогорку сотко кассациялык даттануу келтирген. Ал эң негизги далил катары соттук экспертиза болуп баа берилгени, бардык жүргүзүлгөн экспертизалардын корутундулары боюнча кызынын өлүмүнүн себеби аныкталбаганын, себеби далилденбесе, комплекстүү экспертиза дайындалыш керектигин көрсөткөн. Ал айыпталуучуга карата кабыл алынган өкүмдөрдү жокко чыгарып, комплекстүү экспертиза дайындоо жана тергөө мезгилинде катачылыктарды жоюу иретинде кайрадан тергөө жүргүзүп берүүнү суранган.
Жыйынтыгында Жогорку сот Кара-Суу райондук сотунун 2021-жылдын 30-июнундагы жана Ош облустук сотунун соттук коллегиясынын 2021-жылдын 21-декабрындагы өкүмдөрүн күчүндө калтырды.
Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн кассациялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылды.
Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.
Бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз. Макаланын жабык бөлүгүндө маркумдун ата-энеси жана кайын журту айтып берген окуялар бар...