Turmush — Аймактык кабарчы Бакай-Ата районундагы айыл өкмөттөрдүн имараты кайсы жылы курулгандыгы жана алардын бюджети боюнча маалыматтарды топтоду. Бакай-Ата районунда 9 айыл өкмөт бар.
Кең-Арал айыл өкмөтү:
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн жалпы аянты 13670 гектарды түзөт. Айыл өкмөттүн имараты жок, азыркы учурда убактылуу №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун эски имаратында иштеп жатат.
Айыл өкмөт башчысы — Нурматов Бакыт Сарымбекович. Калктын саны — 3860 адам. Кең-Арал айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жалпы бюджети 4 млн 485 миң сом болгон. Анын ичинен теңдештирүү гранты 2 млн 446 миң 800 сом. 2022-жылга жалпы бюджети 3 млн 997 миң 600 сом. Анын ичинен теңдештирүү гранты 1 млн 324 миң сом. Айыл өкмөттүн аймагында акиташ чыгат.
Өзгөрүш айыл өкмөтү:
Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жалпы аянты 23967 гектарды түзөт. Айыл өкмөттүн имараты 1980-жылы курулган. 2013-жылы дем берүүчү гранттын эсебинен 2 млн 600 миң сомго оңдолгон.
Айыл өкмөт башчысы — Надырбаев Замир Медербекович. Калктын саны — 6161 адам. Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жалпы бюджети 8 млн 240 миң 900 сом болгон. Анын ичинен теңдештирүү гранты 3 млн 210 миң 500 сомду түзөт. 2022-жылга жалпы бюджети 7 млн 219 миң 900 сом. Анын ичинен теңдештирүү гранты 1 млн 523 миң сом болду.
Башка айыл өкмөттөрдүн бюджеттери жөнүндө маалыматы биздин сайтка катталуу менен окуй аласыз.