Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.02.2014 18:12

Жалал-Абадда студенттер менен бирге «Манасым менин мурасым» деген аталышта илимий семинар өткөрдү

Turmush -  Жалал-Абад областтык китепканасы бүгүн, 14-февралда студенттер менен биргеликте «Манасым менин мурасым» деген аталыштагы бир жумалык «Манас» таануу илимий семинарын өткөрдү, деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Иш-чарада Манас атанын муундан-муунга сакталып, эл оозунда айтылып, ал гана эмес дүйнөлүк ЮНЕСКОго катталгандыгы туурасында маалыматтар айтылды.

Ошондой эле, залкар манасчысы Жусуп Мамайдын айланасында маалыматтар айтылып, жаштарды кызыктырган суроолорго жооп берилди.

Иш-чаранын катышуучусу, Жалал-Абад шаардык мамлекеттик тил коммисиясынын төрайымы Үпөл Асаналиева мындай иш-чаранын бүгүнкү күндө жаштарга мааниси чоң экенине токтолуп, кыргыз эли уюткулуу улуу эл экенин жана руханий баа жеткис эпосторго бай экенин айтты.

Ал эми башка элде кездешпеген «Манас» айтуу өнөрүн мектеп окуучулары бул күнү да иш-чаранын катышуучуларына айтып беришти. Соңунда китепкананын директору Сейилкан Салиева «Манасты» элибизге кеңири жайылтуу максатында ушундай иш-чараларды дагы да болсо уланта бармекчибиз», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×