Turmush — Ош шаарынын 61 жаштагы тургуну Анвар Юсупов мезгилге жараша ар кандай бут кийимдерди тигет. Ал бул иш менен 15 жашынан бери алек.
Анын айтымында, ата кесибин аркалайт. Өтүкчү тиккен бут кийимдер 7 миң сомго чейин бааланат.
«1976-жылы 1-сентябрда алгачку жолу иш баштагам. Бул кесип атамдан калган. Биздин үй-бүлө бут кийим тигүү менен тиричилик кылып келебиз. Алгач бут кийимдин моделин иштеп чыгабыз. Андан кийин аны тигүү үчүн өлчөмүнө жараша кыркып, формасын чыгарып, даярдайбыз. Бир эле койдун жүнүнөн 3 даана бут кийим чыгарууга болот. Бут кийимди формасына салып жасоо үчүн колдонулуучу калыпка салабыз. Калып бычылган, тигилген материалга, керектүү форма берүүдө, тамандоо жана бут кийимдин сыртын кооздоо үчүн колдонулат. Менин бардык ишим көп эмгекти талап кылат. Эптеп эле акча табуу үчүн тикпейм. Мага көбүнчө милиция кызматкерлери, укук коргоо органдарында иштегендер буюртма кылышат. Кардарларым ыраазы болуп, кийип жүрүшүн каалайм», - деди ал.
Өтүкчү бут кийимге көңүл бөлүү керектигин белгиледи.
«Кыштын күндөрү айрыкча бут кийимге көңүл буруу керек. Анткени сууктун баары тамандан өтөт. Бутуң жылуу болсо, ден соолугуң чың болот. Бут кийимдер үчүн табигый нерселерди колдоном. Атайын кайышка, булгаарыга, терилерге буюртма берем. Бишкектен алынып келет. Ал эми бут кийимдин така-тамандарын Россия жана Түркиядан алабыз», - деди Анвар Юсупов.
Анвар Юсуповдун 3 уул жана 2 кызы бар. 21 неберенин чоң ата, таятасы. Балдарын үйлөнтүп, кыздарын турмушка берген.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...