Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 14.02.2014 16:40

ЖК депутаты Ө.Текебаев Базар-Коргон районунда балдар бакчасынын ачылышына катышты

Turmush -  Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Таалайбек Долдоев Акман айыл аймагында «Ынтымак» балдар бакчасынын ачылыш аземине катышты.

Райондук мамадминистрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, өткөрүлгөн салтанатта алар сңз сүйлөп, каалоо-тилектерин айтышты.

Маалыматка ылайык, бакчага берилген имарат 1987-жылы айыл тургундарынын салымы менен курулуп, 1997-жылдын 1-мартынан мечит катары пайдаланууга берилген. Жергиликтүү элдин суранычы, райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен 2013-жылдын ноябрь айында Акман айылдык кеңешинин депутаттары балдар бакчасы катары пайдаланууга чечим чыгарган.

Айыл аймагындагы ата-энелердин, райондук мамлекеттик администрациясынын жардамы менен ремонттон өткөрүлүп, керектүү эмеректер алынган. Учурда балдарды тарбиялоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×