Turmush — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагынын тургуну Дастан Осмонов 8 жылдай төшөктө жаткандан кийин кол өнөрчүлүктү өздөштүрдү. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Дастан Осмонов жаңгак бактап кулап, анын кесепетинен баспай калган. Өзүнүн айтымында, алгач мүмкүнчүлүгү чектелген болуп калганын кабыл ала алган эмес.
«Айыл аймак жаңгак токойлуу болгондуктан биздин үй-бүлөнүн да үлүшү бар эле. 2011-жылдын сентябрь айында жаңгак бышкан учур болот. Адаттагыдай эле жаңгак чогултканы токойго барып, кырсыктап, жаңгак бактан кулап кеттим. Катуу жараат алган экенмин, кийинчерээк баса албай калдым. Ошентип 8 жыл үйдө эч жакка чыкпай, бирөөнүн колун карап калдым. Ачыгын айтсам, ошол убакыт мен үчүн абдан оор болду. Басып, чуркап жүрүп эле бир мезгилде төшөктөн жылбай, башка бирөөнүн колун карап калууну кабыл ала алган жокмун. 8 жыл депрессияда жүрдүм. Эч кимди көргүм келбей, адамдар менен сүйлөшпөй, кудум бирөө мени аңдып жүргөндөй эле сезиле берчү. 2019-жылы атайын мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коому менен таанышып, алардын сабактарына катышып жүрүп, кол өнөрчүлүктү үйрөндүм. Азыр кайыштан ар кандай буюм-тайымдарды жасоону өздөштүргөм», - дейт ал.
Дастан мырзанын эмгектери ушул тапта чет өлкөдөн өз кардарларын таап жатат.
«Тагдырга таарынып, үйдө төрт дубалга камалып отурган менен пайда жок экен. Адамдар менен сүйлөшүп, сырттагы өзгөрүүлөргө байкоо салып, коомдун агымы менен жашасаң, аярлуу катмарда экениңди унутат экенсиң. 2019-жылдан бери ар кандай окууларга барып, уулум менен бирге кайыш иштетүүнү өздөштүрдүм. Азыр кайыштан ат жабдыктарын, камчы, баштык, кур жана ар кандай капчыктарды жасайм. Табигый болгондуктан кардарлар көп. Азыр уулум менен бирге социалдык тармактар аркылуу эмгектерибизди онлайн сатууну өздөштүрдүк. Туугандар, достор Россия Федерациясында миграцияда жүрүшөт. Кээде алар сурап, акчасын салып жиберишет. Үйдө жакындарыңа оорчулугуңду салып отурганча өнөр үйрөнгөн жакшы», - дейт ал.
Дастан Осмонов учурда 36 жашта, ал биринчи топтогу майып. Эки уулдун атасы.
Кол өнөрчүнүн байланыш номурун АКИpress'ке катталуу менен алыңыз