Turmush — Талас районундагы Кара-Суу айылынын 35 жаштагы тургуну Эрнис Береналиевдин Россиядан алынып келген күлүктөрү мелдештерде байгелүү орундарга ээ болуп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, 6 жылдан бери Россияда эмгектенип келет.
«6 жылдан бери бул жакта эмгектенип келе жатам. Учурда базарда эмгектенем. Өзүм сырт жакта жүрсөм дагы күлүк аттарым Таластын намысын коргоп, атын чыгарып жүрөт. Бул мен үчүн сыймык. Өзүм күлүк кармап баштаганыма 2 жылдан ашты. 2020-жылдын ноябрь айынан баштагам. Бул ишти атамдын, бир туугандарымдын, саяпкер агаларымдын кеңештерин алып баштагам. Күлүктөрдү Россиядан алып барып чабам. Учурда 6 күлүгүм бар», - деди ал.
Каарманыбыз 2 уул, 1 кыздын атасы.
Эрнис Береналиевдин күлүк аттары жөнүндө кенен маалыматты биздин сайтка катталуу менен окуй аласыз.