Turmush — Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүндөгү Коо-Чаты айылынын тургуну Үмүтбек Карыяев 27 жылдан бери топоз багат. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде топоз багуунун сырларын айтып берди.
- Үмүтбек Карыяев 3 уул, 1 кыздын атасы. Бир уулун үйлөнтүп, кызын турмушка берген. Учурда кичүү уулуна топоз багууну үйрөтүп жатат.
Үмүтбек Карыяевдин бул иш менен алектенүүсүнө атасы себепкер болгон. Учурда 150 баш топозу бар.
«Коо-Чаты айылында турам. Биздин айыл өлкө боюнча эң тоолуу айыл болуп эсептелет. Деңиз деңгээлинен 4500 метр бийиктикте жайгашкан. Ушул жерде топоз кармайм. Айыл тоо-таштуу болгон үчүн топоз бакканга ыңгайлуу. Тактап айтканда, топоздордун мамалак тууганына, жайытта тоого чыгып, оттоосуна шарты бар жер. Ошондой эле жайкысын ысык болбойт. Мүмкүн болушунча топозду суук жерде баккан жакшы. Себеби топоздор ысыкка чыдабайт. Атам «Топоз баксаң жакшы болот. Анткени бакканга жеңилирээк, чыгымы азыраак» деп айтчу. Топозду багып калуума атам себепкер. Атам өзү да топоз багып, сырларын билчү. Ошондон улам топоз багуу жеңил болду. 1995-жылдары топоз багып баштадым. Көп деле кыйынчылык көргөн жокмун», - деди ал.
Анын айтымында, ар бир иштин өзүнө жараша кыйынчылыгы бар. Топоз багуудагы түйшүк айрыкча кыштын күндөрү байкалат.
«Булар суукту сүйгөн мал болуп саналат. Айрыкча, кыш мезгилинде топоздорду түгөлдөө кыйын. Анткени кыштын ызгаар суугуна чыдап, аларды топтоп келүү бир топ түйшүктү жаратат. Ал эми жайкысын малдарды кароо абдан жеңил», - деди ал.
Буга чейин Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги Азердбайжан менен мал чарбачылыгы боюнча топоздорду экспорттоого макулдашкан. Мындан улам Үмүтбек Карыяев Азербайжанга эскпорттоо үчүн 20 топоз берүүгө камынып жатат.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...