Turmush — Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрь күнү президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун директору Батырбек Качкымбаев менен биргеликте фонд аркылуу иш жүзүнө ашып жаткан долбоорлор менен жеринен таанышып чыкты. Бул тууралуу Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштеткен компания түзгөн «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Маалым болгондой, облус жетекчиси менен фонддун жетекчиси алгач Талас районунун Кара-Суу айылындагы 4 көчөгө 8000 метр электр чубалгысы алынып, жалпы 100 түтүн кубаттуу электр жарыгы менен камсыз боло турган иш менен, андан кийин Нуржанов айыл аймагында курулуп жаткан спорттук комплекстин курулуш иштери менен таанышышты. Аталган имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүүгө «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун эсебинен 2 миллион 100 миң сом акча каралган. Айыл өкмөт башчысынын маалыматы боюнча, спорт комплекстин капиталдык оңдоо иштерин 2023-жылдын биринчи кварталында аяктоо пландалууда.
Андан соң Талас шаарынын таштанды полигонундагы жаңыдан курулуп жаткан таштандыларды сорттоочу заводдун курулуш иштерин көрүштү. Аталган максаттарга «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунан 6 миллион сом пайызсыз каражат жеке ишкерге бөлүнүп берилген. Бакытбек Нарбеков таштанды маселесин комплекстүү чечүү зарыл экенин белгилеп, алгач беккари чуңкуру 1 миллион 400 миң сомго курулганын жана экинчи этабында 6 миллион сомго таштанды сорттоочу завод курулуп жатканын айтты.
Кийинки жүрүш Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылындагы Бейшен Сатыбеков атындагы орто мектептин эмгек жамаатына заманбап үлгүдөгү 5 ноутбук тапшыруу менен башталды. Облус башчысы билим берүү тармагына ар дайым олуттуу көңүл буруу зарыл экенин айтып, мектепте түзүлгөн шарттар менен таанышты.
Кара-Буура районунун Бейшеке айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылындагы жарыктандыруу иштерин жеринде көрүштү. Жарыктандыруу иштери 4,5 чакырым аралыкка жүргүзүлгөн. Шекер айылында курулуп жаткан спорт комплексинин курулуш иштерине «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду аркылуу 980 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле Шекер айыл аймагынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна фонд аркылуу компьютерге сертификат тапшырылды.
«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду 2016-жылы «Альянс Алтын» компаниясы тарабынан түзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин 900 млн сом каражат которулган. Аталган каражат Талас облусун жакшыртууга керектелип келет.