Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 14.02.2014 12:16

Экс-президент Р.Отунбаева Ош шаарындагы «Зирек» балдар бакчасында болду (фото)

Turmush -  Экс-президент Роза Отунбаева жана билим берүү жана илим министринин орун басары Догдургүл Кендирбаева Ош мамлекеттик университетинин «Зирек» балдар бакчасында болуп, эмгек жамаат менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, бакчанын 2 тайпасында 40тай бала тарбияланат.

Р.Отунбаева ошондой эле ОШМУнун ректорунун жогорку окуу жайлардын алдында бакчаларды ачуу демилгесин колдоду, бул билим берүүнүн жана адамдык маданияттуулуктун түпкүлүгү экенин белгиледи.

Жолугушууда Р.Отунбаева жана Д.Кендирбаева мектепке чейинки балдарды тарбиялоо жана жаш муундарга билим берүү программанын ыкмалары жөнүндө пикри алмашышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×