Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.02.2014 11:26

Жалал-Абадда Ооган апаатынын 25 жылдыгына карата майрамдык салтанаттын 2-бөлүгү Барпы театрында уланат

Turmush -  Эртең, 15-февралда Ооган ардагерлеринин катышуусундагы майрамдык салтанат Жалал-Абад шаарындагы «Жениш» эс алуу багында саат 10:00дөөтөт, деп билдирди шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Ага күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана шаар жетекчилери, коноктор катышат. Майрамдык иш-чаранын экинчи бөлүгү областтык Барпы театрында уланып, театрлаштырылган атайын программа менен коштолмокчу.

«Советтик армиянын Ооган жергесинен чыгарылышына 25 жыл толот. 10 жылга созулган Ооган апааты 100 миң деген жаш жигиттерди арабыздан алып кеткен. Мындай каргашалуу окуя, андагы Ооган согушунун катышуучуларынын дайым жүрөгүндө жана элесинде. Бул күн алар үчүн чоң майрам», - деп белгилейт басма сөз кызматы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×