Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Нарын облусу, Нарын 14.02.2014 10:57

Нарын облустук медициналык окуу жайынын китепканасында электрондук китепкана ачылды

Turmush -  Нарын шаарындагы Нарын облустук медициналык окуу жайында электрондук китепкана ачылды. Бул тууралуу аталган окуу жайынын китепкана башчысы Мунара Капарова «Баракелденин» аймактык кабарчысы билдирди.

Мунара Капарованын айтымында, каражат окуу жайдын фондунан алынып, жалпы 285 миң сом акча каражаты сарпталган, китепканага 11 акыркы үлгүдөгү компьютерлер алынып келинген.
«Медицина боюнча китептер бизден басылып чыкпайт, атайын буюртма менен Россиядан алынып келинет. Бирок аз санда, студенттерге жетишпейт, ошондуктан электрондук китепкана ачып студенттерибизге жакшы шарт түзүп бердик», - дейтМ.Капарова.
Маалымат үчүн айта кетсек, окуу жайда 16 миңден ашык китеп бар, китептердеги маалыматтар 3 ай аралыгында компьютерге киргизилет. Быйылкы жаңы окуу жылында окуу жайга 15 миңдей жаңы китептер келген. Ал эми орус тилинен кыргызчага которулган 100 гана китеп бар. Нарын облустук медициналык колледжинде учурда 620 студент билим алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×