Turmush — Алмагүл Тутуева Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты райондук администрациясынан тастыкташты.
- Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүн 2016-жылдан бери жетектеп келген Абдурасул Абдыкадыров жумуштан кеткендиги белгилүү болду.
Алмагүл Тутуева 1986-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Насирдин айылында төрөлгөн.
Ош мамлекеттик университетинин география жана жаратылышты пайдалануу факультетин аяктаган. Жалпы эмгек стажы 14 жыл.
Буга чейин Дөң-Булак айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаты болгон.
Толугу менен Turmush сайтына катталуу аркылуу окуй аласыздар...