Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу 13.02.2014 18:10

Ош облусундагы пилоттук мектептерге экинчи бөлүктө 4 мектеп гана өттү

Turmush -  Ош облусундагы пилоттук мектептерге экинчи бөлүктө 4 мектеп гана өттү, деп билдирди билим берүү министринин орун басары Догдургүл Кендирбаева бүгүн, 13-февраль күнү өкмөттүн Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндөгү жыйында.

Анын айтымында, долбоордун жыйынтыгы менен балдарды ысык чай менен камсыз кылуу канааттандыраарлык деңгээлде эмес экени белгилүү болду.

Ал белгилегендей, кээ бир мектептерде башталгыч класстардын балдарына бир булочка жана бир чыны чай берүү менен уюштурулат.

Минитсрдин орун басары ошондой эле, пилоттук мектептерде ысык чай уюштурууну жакшыртуу боюнча иш жүргүзүлөөрүн айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×