Turmush — Кочкор районунун Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Чекилдек айылынын тургуну, саяпкер Таштанбек Акунов жорго таптап, ат чабыштарда байгелүү орундарга ээ болуп жүрөт. Аны менен аймактык кабарчы кезигип, жорго таптоонун сырлары, кыргыз жорго менен асыл тукум жоргонун айырмасы тууралуу сурады.
Таштанбек Акунов 1969-жылы 6-мартта Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Чекилдек айылында туулган. Ушул айылдагы мектептен окуп, 1987-жылы аскер кызматын өтөп келгенден кийин чарбада уйчу болуп иштеген. Кийин бир жыл кой баккан. Андан соң 1 гектар 60 сотых жер иштетип, жайкысын элдин малын алып, жайлоого чыгып жүрөт. Мындан сырткары жорголорду таптап, тайган багып келет.
Анын саяпкерликке кызыгуусу бала кезинен башталган. Атасы Аскарбек Акунов ат чаап, улак тарткан адам болгон. Кийин айылда темир уста, тракторист болуп иштеп жүрүп, 1983-жылы кырк жашында кайтыш болгон.
Таштанбек Акуновдун айтымында, союз учурунда ат минген адамдар аз болгон. Эки жакта ат чабыш болгондо атасына, кээде айылдаштарына учкашып барып жүрүп, атка болгон кызыгуусу арткан. Айылдагылардын тайларын үйрөтүп жүрүп, кийин өзү ат таптоого берилип кетет.
«Мен алгач улак тартып, ат чаап жүрчүмүн. 1990-жылы Мукан дегендин күлүгүн чаап жүрдүм. Негизинен 1993-жылдан тартып ат таптай баштагам. Алгач ич ара өткөн ат чабыштарда совхоздун карагер атын таптап, байгелүү орундарды ээлеп, кой-козу утуп жүрдүм. Андан кийин көлдөн башатка келген карагер жоргону чаап, байге алып жүрдүм.
2004-жылы Семиз-Бел айылындагы Маматкул Бостонкулов деген фермер ат заводун куруп, анда саяпкер болуп, аттарын 10 жыл таптадым. Алгач жарым таза кандуу “Боксер” деген кунанын чаап, биринчиликти алып, андан кийин “Куян” дегенди таптадык. Андан кийин таза кандуу үч бээ, бир таза кандуу айгыр алдык. Ысык-Көлдүн 80 жылдыгында "Тачанка" деген күлүк биринчиликти ээледи. Ал үч жашында үч автоунаа утуп алды. Баш-аягы 17 автоунаа утту. 2007-жылдан 2010-жылга чейин "Тачанка" биринчиликти берген жок. Мындан сырткары "Чагылган", "Госпадец", "Поркер" деген жорголорун таптадым. "Чагылган" кунан кезинде бир-эки жолу калып калган. Бирок, кийин биринчиликти бербей келди. Азыр өзүмдө эки жорго, бир күлүк бар. Кыргыз жоргом да бар. Кыргыз жорго алыска чуркайт, күчтүү болот. Мурун кыргыз жорголорду таптап жүргөм. Азыркы учурда ат чабышта маара жакын болгондуктан, кыргыз жорголор кызыбай уттуруп коюшат. Эгер аттар алыска чабылса, кыргыз жорго биринчиликти бербейт. Алыска таза кандуу күлүктөр чыдабайт. Ошондуктан кыргыз жоргону жол жүргөндө, мал кайтарганга, аң улаганга минем. Таза кандуу жорголор алыска жүрө алышпайт. Бутун уруп алып аксап калат. Аларды ат чабышка гана колдонобуз.
Ат таптаганда ар бир аттын өзүнчө сыры болот. Кээ бир ат тапка бат келет. Кээ бири эмгекти абдан көп талап кылат. Эртең менен кечкисин чөбүн жакшы бериш керек. Өз нормасы, сааты менен беребиз. Бастырганда жаңы келген атты жайдан бастырабыз. Бир-эки ай акырындык менен жоргосун төшөп көндүрөбүз. Качан ат өзүнө келип, тарамыштары чыккан кезде ылдамдатып, жүрүшүн чыгарабыз. Ат табына келгенде чаба баштайбыз. Ар бирине бөлмө жасаш керек. Аттын табын, көңүлүн табыш керек. Кээде жем-чөп жебей калат. Кээде аябай жакшы кылам деп таптап жатып бузуп аласың, чарчатып аласың. Таптайм деп бутун аксатып алган күндөр болот. Күнүгө суутуп витаминдерди берип, сулуу беребиз. Кээде аттар оңолбой калганда буудай берип, улпак берилет. Жазга маал үзүмүлүктө сабиз беребиз. Ат таптоо үчүн көп чыгым талап кылынат. Автоунаа уткан күнү деле актабайт. Атка кызыккан үчүн гана таптап жүрөбүз», - деди ал.
Таштанбек жорголордун түрлөрүн санап берди.
«Ата-бабалар жоргону кой жорго, чапма жорго, жол жорго деп үчкө бөлгөн. Кой жорго — майда, майда жүргөн, үстү тынч, мингенге ылайык болот. Жол жорго болсо жол жүрүшү жакшы, ылдам жүргөн жоргону айтабыз. Чапма жорго болсо чабууга ылайыкталган биз таптаган жорголор. Мурда кыргыз жоргону чапсак, азыркы жорголор болсо Россиядан келген. Азыркы чабылган аттар Орус рысагы, Орловка рысагы, Француз рысагы, Америка рысагы болуп жалаң таскактар чабылып жүрөт. Мурдагыдай таза жорго ат чабышка салынбайт.
Азыр жорголор кымбат. Таза кандуу бир бээни туягынан жарабай калганда 350 миң сомго арзандатып сатып алгам. Эки тайды 200 миң сомдон арзаныраак тааныш аркылуу алдым», - деди ал.
Таштанбек Акунов аттары үчүн атайын сарай салып, ар бир күлүктөрү үчүн өзүнчө бөлмө даярдаган. Бир уул эки, кыздын атасы. Уулу да ат таптоого кызыгып, атасына кол кабыш кылып келе жатат.