Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.02.2014 15:46

Жалал-Абад облусунда интернет колдонуучулардын саны күндөн күнгө күч алууда

Turmush -  Жалал-Абад облусунда интернет колдонуучулардын саны күндөн күнгө күч алып, акыркы убактарда китеп окуган окурмандар азайган. Мындай пикирди Жалал-Абад областтык китеп кананын жетекчиси Сейил Атаналиева билдирди.

Андыктан, китепканаларда интернет окуу борборлорун түзүү аракети туура болуп жатат.

Анын айтымында, китеп каналардын интернет окуу борборуна өтүшүнө Америкалык эл аралык уюмдар жана байланыш компаниясы демөөрчүлүк кылып жатат. Учурда жалпы эле жараандардын интернетке көңүл буруусу жогорулап жатат, ошондуктан китеп каналардын да өтүүсүн туура деп эсептейм. Бул менен биз заманбап тажрыйбага ээ боло алабыз десек болот», - деп белгиледи ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×