Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.02.2014 15:40

Жалал-Абад облусунун китепканаларында интернет окуу борборлору түзүлөт

Turmush -  Бүгүн, 13-февралда Жалал-Абад облустук китепканасы район шаарлардагы китепкана кызматкерлеринин башын бириктирди, деп маалымдайт шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Андагы башкы максат - айыл жерлериндеги китепканаларга ,Интернет китепкана окуу борборун түзүү.

2014-жылда область боюнча 100дөн ашуун китепканага интернет окуу борборуна өтсө, кийинки жылдан тартып калган китепканалар тоолугу менен заманбап интернет колдонуучуларга шарт түзүлөт.

Электрондук маалымат алмашуу, китепкана кызматкерлеринин кесиптик билимин жогорулатат жана жеңилдетет. Мындай аракетти байланыш компаниясынын Жалал-Абад шаарындагы бөлүмү, жеке ишкерлер жана эл аралык уюмдар колдоо көрсөтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×