Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 13.02.2014 15:36

Лейлек районундагы «Кыргызстандын 40 жылдыгы» орто мектебинин келечеги оор абалга туш болгону айтылууда

Turmush -  Бул тууралуу Интернационал айылынын атын атагысы келбеген тургуну кабарлады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анын айтымында, январь айында директордун каанасына ууру кирип, анын 30 миң сомдой акчасын уурдап кеткен экен. Ошол күндөн бери директор тарабынан ар бир мугалимге кысым жасалып, мектептеги моралдык-психологиялык климат болуп көрбөгөндөй начарлап кетти.

«Окуучуларга сапаттуу билим берүү маселеси унутта калып, мугалимдер ыйкы-тыйкы болуп, абал күн өткөн сайын курчуп жатат. Укук коргоо органдары мектеп кароолдорун убактылуу камоочу жайга камап салып, карапайым элдин кыжырын ого бетер күчөтүп жатат. Мектебибиз Тажикстандын чегарасына эки жүз метр жерде жайгашкан. Бул жерде кыргыз, өзбек, тажик улутунун окуучулары билим алып келет. Андыктан, тарбия багытында жасала турган толтура иштер бар болчу. 2010-жылдагы улут аралык жаңжал так мына ушул биздин Интернационал айылынан башталганын бийликтегилер унутуп калган окшойт», - деди ал.

Анын айтуусунда, тиешелүү органдар учурдагы башаламан кырдаалды тез арада жөнгө салбаса айылдын коопсуздугуна чоң коркунуч жаралып турат», дейт айыл тургуну.

Эскерте кетсек, «Кыргызстандын 40 жылдыгы» орто мектебинде учурда жети жүздүн тегерегинде окуучулар билим алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×