Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусу 13.02.2014 14:30

Ысык-Көлдө чек арачылар үчүн мектеп окуучулары уюштурган сүрөт көргөзмөсү коюлду

Turmush -  Ысык-Көл аймактык 2028-аскер бөлүгүнүн чек арачыларына Каракол шаарындагы «Лидер» коомдук бирикмесинин демилгеси менен мектеп окуучулары уюштурган сүрөт көргөзмөсү коюлду.

Аймактык кабарчы билдиргендей, анда бөбөктөрдүн, окуучулардын чек арачылар темасына арналган сүрөттөрү чек арачыларды кайдигер калтырган жок.

Жоокерлерге арналган белектердин ичине үч бурч формадагы каттар салынып, анда чек арачыларга кайрат күч берген, ыраазылык айтылган өспүрүмдөрдүн сөздөрү жазылган.

Чек арачылар иш-чаранын уюштуруучуларына, артисттерге, мектеп окуучуларына чоӊ ыразылык айтышып, «бизди элибиз колдоп турса чек араны бузууга эч качан жол берилбейт», деген ишеничтерин билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×