Turmush — Чүй облусунун Сокулук районундагы Гавриловка айылынын 41 жаштагы тургуну Алайида Сапарбаева Ломан браун тоокторду багып баштады.
Алайида Сапарбаева күйөөсү менен көп жыл Казакстанда иштеген.
«Мен Ош облусунун Алай районундагы Мурдаш айылында төрөлгөм. Жолдошум экөөбүздүн 3 уул, 3 кызыбыз бар. Казакстанда 2010-жылдан тартып иштедик. Ал жакта базарда иштечүбүз. Кыргызстанга кайтабыз деп жаткан кезде жолдошум инсульт алып, бир колу, бир буту иштебей калды. Жандандыруу бөлүмүнө түшүп, 3 күн жатып чыккан. Бир аз өзүнө келгенден кийин Кыргызстанга келип, башынан 2 жолу операция болду.
Бул тоок чарба бизге ылайыктуу. Анткени жолдошум ооруп үйдө. Аны бир киши карап үйдө болуш керек. Ошону менен экөөбүз теӊ үйдөбүз. Кирип-чыгып карап жатабыз. Келечекте Ломан браун ак тоокторун көбөйтүү максатыбыз бар», - деди ал.
Чакан тоок фермасын кармаган Ирина Абдрахманованын айтымында, учурда Ломан браун ак тооктору жакшы бааланып жатат.
«Негизи Ломан браун кызыл тоок деп аталчу. Германиядан алып келинген тооктор. Кыргызстанда аны дагы асылдандырып, Ломан браун ак тоок деп аташты. Мурдагысы бир гана жумуртка багытында болсо, азыркысы эт багытында дагы кетет. Жумуртка туучу мезгили аяктап, чоӊ тоок болуп калганда, аны байласаӊыз 2,5-3,5 кг эт берет. Жалаӊ жумуртка багытындагы тооктордун сөөгү кичинекей болот. Аны байласаӊар деле анча семирбейт», - деди ал.
Учурда Чүй облусундагы дүкөндөрдө жумуртканын бир даанасы 9 сомдон 12 сомго чейин сатылууда.