Turmush — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Бурма-Суу айылынын 47 жаштагы тургуну Салават Насынбатов устачылык менен бала кезинен бери алектенет. Аны менен айматык кабарчы маек курду.
«Атам Султан Насынбатов айылдагы мыкты усталардын бири болчу. Бала кезимде жанында жүрүп, устачылыкка кызыга баштадым. Алгач жыгач устачылык менен алектенип жүрдүм, кийинчерээк башка материалдарга өтүп кеттим. Азыр негизинен темир устачылык менен алекмин. Пескоблок чыгарган станок, ар кандай эмеректерди, эшик-терезелерди, кол араба, күнүмдүк жашоодо колдонолуучу бардык керектүү буюмдарды жасоо колдон келет», - деди ал.
Каарманыбыз учурда кийим бычып тиккенди үйрөнүп жаткандыгын айтат.
«Буюртма бергендер мезгилге жараша бар, жок эмес. Буюм жасалышына жараша убакытты жана эмгекти талап кылат. Керектүү материалдарды Каракол шаарындагы курулуш дүкөндөрүнөн алам. Буюртма берилген буюмдун баасына өз эмгек акымды кошуп, бааларын өзүм чыгарам. Мындан сырткары кийим бычып тиккенди үйрөнүп жатам. Булгарыдан (тери) чехол, капчык жана башка буюмдарды жасайм. Аларды сатпайм, өзүмө жана жакындарыма жасап берем», - деди ал.
Ал пескоблок чыгарган станогу боюнча кыскача маалымат берди.
Макала менен таанышуу жана башка жабык материалдарга толук мүмкүнчүлүк алуу үчүн Turmush басылмасына катталыңыз.