Turmush — Кочкор районуна караштуу Арсы айылынын тургуну Салтанат Жаналиева жолдошу менен 6 жылдан бери канаттуулардын түрүн багуу менен алек.
Анын айтымында, канаттууларды багуу — кирешелүү бизнестин бир түрү деп айтууга да болот.
«Мен келин болуп келгенден бери, тактап айтканда 6 жылдан бери үндүк, тоок, каз багуу менен алекпиз. Учурда 140 баш үндүк бар. Учурда үндүктүн этине болгон суроо-талап чоң. Андыктан бул бизнесте чочулоо жок. Себеби тууган жумурткасын, балапанын да сатсаң акча боло берет. Мисалы, 15 жөжөнү энеси менен жазында 4 миң сомго саттык. Быйылкы сатылбай калган үндүк кийинки жылы чоңоюп, баасы да кымбат болот. Учурда бизде кыргыз үндүк жана «БИК 6» породасы менен аргындашкан «Черный принц» аталышындагы үндүк бар. Мунун өзгөчөлүгү — эти ширелүү болот экен. Учурда үндүктөр семирип сата баштадык», - дейт Салтанат Жаналиева.
Анын айтымында үндүктөн жакшы киреше табуу үчүн жумуртка кезинен жакшы кароо керек.
«Март айында чоң үндүктөр жумуртка тууйт. Апрелде аларды бастырганга жаткырабыз. Майдын башында жөжө чыга баштайт. Бул канаттуу жумурткасын 28 күн басат. Эң көбү 30 күнгө чейин жетет. Үндүктөр инкубатордун ролун ойнойт. 30 үндүккө жумуртка бастырабыз. Балапанды чыккандан тартып баладай кароо зарыл. Убагында жемин берип, тез-тез карап туруу керек. Балдарына алгачкы биринчи, экинчи айында күчтүү жем бериш керек. Бирок туздуу жем, нан, буудайды жолотпоңуз. Анын ордуна жүгөрү, күрүчтү сууга кайнатып, көк сүттү иритип берген оң.
Энеси балапандарын коруп карайт, жөжө бат тыңыйт. Андан тышкары, балапан кезинде үч айга чейин ысыкты жакшы көрөт, андан кийин чоңойгон сайын салкынга кача баштайт. Суукта көлөмдүү болуп, жакшы эттенет. Мындан тышкары ар кандай оорулар менен ооруп калбоо үчүн ар бирин бирден кармап, таноолоруна дары тамызып чыгабыз. Жөжөлөр абдан көп түйшүктү талап кылат. Декабрь айында сатып баштаганда баякы түйшүктү унутуп, акча санап жыргап калабыз», - деп кошумчалады ал.
Салтанат Жаналиеванын былтыркы таза кирешеси 150 миң сом болгон.
Тирүү үндүктөрдүн баасы 1200 сомдон 1500 сомго чейин. Союлган үндүк мындан бир аз кымбатыраак болот.