Turmush — Бүгүн, 17-ноябрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде студенттер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат, окутуучулар жана студенттер катышып, таланттуу студенттердин чыгармачылык кечесине жана сыйлоо аземине күбө болушту.
Иш-чаранын алгачкы бөлүгүндө студенттик күндөрдү чагылдырган видеоролик, поэзия мүнөттөрү тартууланып, акындар ыр айтышты. Аны улай ректор сөзгө чыгып, жалпы студенттерди майрамы менен куттуктады.
«Бир келген студенттик мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, ар тараптуу өнүккүлө. Республикалык, эл аралык сынактарга байма-бай катышып, ийгиликтерди жаратып калгыла. Ал үчүн биз болгон шартты түзүп берүүгө даярбыз. Сиздер мугалим деген улуу кесиптин ээси болосуздар. Ошондуктан тандаган кесибиңиздерди сүйүп, чоң жоопкерчилик менен мамиле кылышыңыздарга тилекетешмин», - деди Бекмурза Зулуев.
Окууда, шаардык, эл аралык сынактарда, спорт жаатында, коомдук-маданий иштерде ийгилик жараткан жигердүү студенттерге окуу жай тарабынан диплом, ардак грамота, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Салтка айланган «Жылдын мыкты студенти-2022» номинациясын ээлерине жана 5000 сом өлчөмүндөгү Т.Абжалов атындагы стипендия тарых адистигинин 2 студентине ыйгарылды.
Жыйынтыгында бүтүрүүчү курстун студенттери 1-курстун студенттерине зачеттук китепчени жана студенттик ачкычты официалдуу түрдө тапшырып, алардын окууларына, студенттик сапарына ийгиликтерди каалап өтүштү.
Иш-чара окуу жайдын жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, майрамды утурлай сүрөт тартуу жана китеп окуу сынактары өткөрүлгөн. Жеңүүчүлөр бүгүнкү кечеде сыйланышты.