Turmush — Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнө жаңы башчы дайындалды. Бул маалыматты райондук администрациядан тастыкташты.
Маалыматка караганда, Кеңеш айыл өкмөтүнө Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары болгон Пахыридин Асаналиев башчы болуп келди.
Ал буга чейин жол тейлөө мекемесинде башкы механик, автопарктын жетекчиси жана башка кызматтарда иштеген. Ошондой эле Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаты болгон.
Маалыматтын жабык бөлүгүнөн жаңы айыл өкмөт башчынын эмгек жолун окуй аласыз.