Turmush — Ош шаардык мэриясы «ОшТВ» телеканалын өзүнүн карамагына кабыл ала элек. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Ош шаардык кеңешинин сессиясында биринчи вице-мэр Марс Исаев билдирди.
Депутат Бакай Жолдошбаев: «ОшТВ» телеканалы мэриянын карамагына өттүбү?», - деп сурады.
Биринчи вице-мэр Марс Исаев «ОшТВ» телеканалын каттоо боюнча Юстиция министрлигине кат жөнөтүлгөндүгүн билдирди.
Буга чейин Turmush 2022-жылы 10-февралда Ош шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында «ОшТВ» телеканалын муниципалдык менчикке өткөрүү маселеси каралганын жазган.
- Буга чейин «ОшТВ» ЖЧКнын ээси Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду болчу.
Вице-мэр Марс Исаев «Ош ТВ» телеканалын Ош мэриясына өткөрүү боюнча Министрлер кабинетинин токтому чыкканын, бирок ал өткөрүү жараяны Ош шаардык кеңешинин макулдугу менен гана болушу керектигин билдирген.
«Мамлекеттик жана муниципалдык органдар жүргүзүп жаткан иштер жөнүндө жарандардын маалыматтуулугун жогорулатуу максатында «ОшТВ» телеканалын Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү маселеси боюнча Министрлер кабинетинин төрагасына кат жолдогон. Ал жакта бул маселе колдоо таап, токтом чыккан. Бирок мыйзамдын талабында Ош шаардык кеңешинин макулдугу менен гана өткөрүлсүн деген жери бар экен. Ошондуктан бул маселени койдук. Бул чын-чынына келгенде 30 жылдан бери иштеп келе жаткан чоң телеканал», - деген М.Исаев.
34 депутат «ОшТВ» телеканалын Ош шаардык мэриясынын карамагына өткөрүп берүүнү колдоого алышса, 4 депутат каршы добуш берген.