Turmush — Токторов Махмуд Мансурович Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, 62 жаштагы Махмуд Токторов Кадамжай районунун Кескен-Таш айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча экономист-менеджер. Ал 2005-жылдан 2021-жылдын июнь айына чейин Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.
- Үч-Коргон айыл аймагы Баткен облусундагы калкы эң көп айыл аймак болуп саналат. Улуттук статискалык комитеттин маалыматына караганда, Үч-Коргон айыл аймагынын 12 калктуу конушунда — Үч-Коргон, Валакиш, Какыр, Калача, Калтак, Сулайман-Абад, Разъезд, Сухана, Чаувай, Боз, Камбар-Абад, Тажик-Кыштак айылдарында 37 миң 11 адам жашайт. Айыл аймакта кокон гилас өстүрүлүп, миллиондогон акчаларга Россия жана Казакстанга чейин эскпорттолот.