Turmush — Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл аймагында 13 жерге жаңы балдар аянтчасы курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Лебединовка айыл өкмөт башчысы Качкынбай уулу Адилет билдирди.
Анын айтымында, балдар аянтчалары Лебединовка айыл аймагындагы Лебединовка, Восток айылдарында, Энергетик шаарчасында, Кырман, Тунгуч-44, Ай-Көл конуштарында курулган.
Балдар аянтчаларынын курулушу жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылган.
Айыл аймакта жалпы 25 643 киши жашайт. Алардын ичинен 15 жашка чейинкилер — 6349.