Turmush — Кечээ, 10-ноябрда Илим күнүнө карата Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде илимий көргөзмө болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Көргөзмөдө окутуучулардын илимий эмгектери менен жакындан таанышуу, тажрыйба алмашуу, студенттердин илим тармагында маалыматка ээ болуу деңгээлин жогорулатуу максатында окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Равшан Абсатаров, факультеттердин илимий иштерин жүргүзгөн окумуштуулар жана китепкана тарабынан уюштурулган. Мында ар бир факультеттин окутуучуларынын окуу-усулдук жана илимий эмгектери, өз ийгиликтери, жетишкендиктери, китептери, сыйлыктары, илимий жана монографиялык изилдөөлөрү, жарык көргөн илимий макалалары стол үстүнө жайылды.
Ага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган жамаат катышып, университетте жасалган эмгектер, китептер кыргыздын улуу мурасы, баалуу табериги экендигин белгиледи. Ошондой эле ректор илим чөйрөсүндө эмгектенген кызматкерлерди куттуктады.
10-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк илим күнү катары жыл сайын белгиленип келет.