Turmush — Beeline уюлдук оператору биринчи болуп Борбордук Азияда рынокко инновациялык BeeBall өнүмүн ишке киргизди. Ал таптакыр жаңы форматта компания менен кардарлардын ортосундагы мамилелерди курууга жардам берет.
BeeBall — бул толукталган реалдуулуктагы оюн. Анда ар бир адам, ал Beeline абоненти болгонуна же болбогонуна карабастан, шаардын картасын колдонуп, жайгаштырылган «поинттерди» таба алат. Алардын жардамы менен бонус катары оператордон Гигабайттарды жана мүнөттөрдү алса болот.
Андан тышкары, Beeline'дын абоненти болуу менен сиз укмуш байгелери бар сынактарга катыша аласыз!
«Толукталган реалдуулуктагы BeeBall инновациялык өнүмү — келечектеги технологиялардын ажырагыс бөлүгү катары байланыш кызматтарын кароого мүмкүндүк берген кардарлар менен өз ара аракеттенүүдө жаңы мамилени куруу стратегиябыздын бөлүгү. Биз үчүн өнүм операторго карабастан бардык абоненттер үчүн иштеши маанилүү. Башкача айтканда, каалаган адам оюнду аракетте сынап көрө алат. Бул үчүн жөн гана жүктөп алып, тез каттоодон өтүү керек. Биз Борбордук Азияда жана VEON кампанияларынын тобунда биринчи болуп толукталган реалдуулукту колдонууга кадам койдук жана муну менен токтоп калууну пландаган жерибиз жок!» - дешти компаниядан.
Учурда бул оюн Бишкекте тест катары ишке киргизилди, бирок мындан ары компания аны бүт өлкөгө жайылтууну көздөп жатат.
Оюндун эрежелери
Бүт Бишкек боюнча атайын упайлар катылган, аларды тиркемеде болгон картадан тапса болот. (BeeBall оюнун Play Market жана App Store тиркемелеринен жүктөп алса болот).
Оюндагы картаны ачып, сизге эң жакын поинтти табыңыз (поинттер жайгаштырылган чекит картада). Упайлардын жанында болгондо, камераны күйгүзүп жана ойноп баштаңыз.
Оюндун маңызы — BeeBall топтору менен упайларды чыгаруу. Чыгарылган упайлар Beeline кызматтарына алмаштырылат, ошондой эле конкурстарга катышуу үчүн колдонулат.
Оюндун эрежелери жана бардык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемеден тапса болот: https://beeball.beeline.kg
*Оюнга Beeline гана эмес, КРнын башка уюлдук операторлорунун да абоненттери катыша алат.
**Сынактарды жана кызматтарды кошуу Beeline Кыргызстандын абоненттери үчүн гана жеткиликтүү.
Толукталган реалдуулуктун таасирлерин толук сезиш үчүн сиздин смартфонуңуз төмөнкү техникалык мүнөздөмөлөргө туура келерин текшериңиз.
Системалык талаптар
iOS үчүн системалык талаптар:
-
iPhone 6S (iPhone 8 сунушталат);
-
Процессор A11 64bit/ARMv8-A;
-
2GB RAM.
Android үчүн системалык талаптар:
-
Android version 8.0 жана жогору;
-
OpenGL ES 3.0 Support;
-
gyroscope болушу;
-
2GB RAM.