Turmush — Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн айылында 2 млн 070 миӊ сомго жаӊы суу мунарасы курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Найзабек Кольбаев билдирди.
Анын айтымында, мунаранын көлөмү 100 метр куб, 19,5 гектар жерди тейлейт. Тактап айтканда, 320 турак үй жайгашкан 4 көчө менен 271 батирлүү 11 көп кабаттуу үйгө жетет.
«Суу мунарасынын баасы 1 млн 520 миң сом. Суу 230 метр тереӊдиктен чыгарылды. Жер иштерине 550 миң сом жумшалды. Бул долбоорду 11 айда ишке ашырдык. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү», - деди ал.