Turmush — Азиз Туркманов Балыкчы шаарынын cоциалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
- Туркманов Азиз Эстевесович 1985-жылы 16-ноябрда Талас районунун Көк-Ой айылында туулган.
Буга чейин ал Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин директорунун орун басары болуп эмгектенген.
Билими:
- 2003-2007-жылдары И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде экономист адистиги боюнча билим алган;
- 2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын эмгек жана ишке орноштуруу министрлигине караштуу социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунда окуган
- 2017-2019-жылдары Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясына «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багыты боюнча магистр академиялык даражасы ыйгарылган.
Макала менен таанышуу жана башка жабык материалдарга толук мүмкүнчүлүк алуу үчүн Turmush басылмасына катталыңыз.