Turmush — Ош технологиялык университетинин студенттери дебат турниринде 1-орунду ээледи. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети, Орхус экологиялык маалымат борбору жана Кыргыз-Өзбек университети менен биргеликте Ош шаарындагы жайгашкан жогорку окуу жайлардын студенттеринин ортосунда дебат турнири өткөрүлдү. Бул иш-чара «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагынын алкагында уюштурулуп, дебатка ОшМУнун, ОшТУнун, КӨУнун, ОшМПУнун студенттери катышты.
Дебат «КР Тоо экосистемасын коргоо, экологиялык коопсуздук, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсү» деп аталып, жаштарды табият менен татуу мамиледе болууга, жаратылышты коргоого чакыруу максатында өткөрүлдү.
Сынакта жаратылышка байланышкан ар кандай темадагы суроолор берилип, катышуучулар тарабынан жооптор алынды. Жыйынтыгында 1-орунду ОшТУнун студенттери, 2-орунду ОшМУнун студенттери, 3-орунду КӨУнун жана ОшМПУнун студенттери алды.
ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев жеңишке жеткен студенттерди кабыл алып, куттуктады.