Turmush — Былтыртан тарта Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 25-30 жыл мурун токтогон жылуулук берүү иши жанданды. Жаңы жылга чейин дагы 5 көп кабаттуу үй жылуулукка кошулат.
«Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын Таш-Көмүр шаарындагы филиалынын жетекчиси Нурлан Атабаевдин маалыматы боюнча, Таш-Көмүр шаарынын жашоочулары 1990-жылдары кыйын кырдаал мезгилинде борборлоштурулган жылуулуктан баш тартышкан. Калаа тургундарынын дээрлиги үйлөрүндөгү жылуулук берүүчү жабдыктарды алдырып коюшкан. Негизинен электр энергия менен жылынууга өтүп алышкан.
Былтыркы жылы кайрадан жылуулук берүү кадамы башталганда көпчүлүк ишенген эмес. 2021-жылы борборлоштурулган жылуулукка 6 көп кабаттуу үй, айрым социалдык объектилер кошулган. Мындан улам борборлоштурулган жылуулукка кошулууну каалагандар арбыган.
Калаа тургуну Гүлнара Бакиева да жылуулукка керектелүүчү жабдыктарды алып, жылуулукка туташтыруу иштерин күтүп жатат.
«Мен үйдөгү түтүктөрдү мындан 2 жыл мурун күйөө балама алдырып салдым эле. Шаарга кайрадан жылуулук берилет деген ойдо жок болчу. Былтыр айрым үйлөргө берилгенин угуп жүргөм. Бирөөнүн үйүнө барып калсам, бүт бөлмөлөрү жылуу, сонун абалда экен. Быйыл бизге ошол жылуулуктун адамдары келип, 5 көп кабаттуу үйдү жылуулукка кошууну пландап жатышканын айтышты. Мен дароо эле колдодум. Себеби улангандардын абалын көрдүм да. Эртең неберелерим келсе да ар бөлмөдө эркин жүрүшөт. Бир бөлмөнү ысытабыз деп деле электр энергиясына бир топ акча төгүп жатабыз, үнөмдүү да болот экен. Биздин №9 көп кабаттуу үйдүн жашоочулары баарыбыз шаймандарыбызды даярдап, күтүп жатабыз. Мисалы, мен 20 миң сомдун тегерегине шаймандарды сатып алдым. Жакынкы күндөрү ар бир үйдү улашат экен», - дейт ал.
Ал эми жылуулукка туташкан жашоочулар да адегенде ишенишпегендигин, кыштын ызгаарында үйлөрү жылуу болгонун белгилешти.
Быйыл калаадагы 5 үйдү жылуулукка туташтыруу пландалып, бул үчүн бир топ жылдан бери консервацияда турган №7 откана реконструкциялоодон өткөн. 5 көп кабаттуу үйгө чейинки аралыкка жер алдынан түтүк тартылды.
«Бул откана 1990-жылдардан бери консервацияда турган. Быйылкы жылы жаңы, заманбап от казан коюлуп, монтаждоо жумушу жүрдү. Мурункусу электр энергиясы менен иштесе, бул жолу көмүр менен иштөөгө өткөрүлдү. Түтүн кетүүчү (дымовой труба) түтүк орнотулду. Биз пландаган 5 көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүнө чейин түтүк тартылды жана тиешелүү жумуштар жүрдү. 5-ноябрдан баштап көп кабаттуу үйлөрдүн ар бир батирине киргизилип, шаймандарын улап беришет. Жылуулукка кошуу иштерин кызматкерлер бүт акысыз жасап беришет», - деди Нурлан Атабаев.
Мекеменин 5 жылга түзгөн иш планына ылайык, адегенде 2019-2020-жылдары Шамалды-Сай шаарчасындагы отканаларды көмүргө өткөрүү планы түзүлүп, ал мерчемдер аткарылган. 2021-2023-жылдар аралыгында Таш-Көмүр шаарындагы консервацияда турган отканаларды реконструкциялоодон өткөрүү пландалган.
«Былтыр консервацияда турган 2 откана кайрадан калыбына келтирилип, от казан көмүр менен жылытууга өткөрүлдү. Мунун натыйжасында 6 көп кабаттуу үйгө жылуулук бердик. Элге жылуулук берерибизди айтканда «Союзду бизге алып келем дебегиле» деп табалагандар болду. Бирок биздин эмгек жамаат колдон келген аракетибизди жумшап, жашоочулар менен сүйлөштүк. Биздин жетекчилик колдоп, былтыр жалпы 8,5 миллион сом бөлүп берди. Капиталдык, утурумдук жумуштун баары аткарылып, 180 абонент кошулду.
Быйылкы жылы 70 батирден турган 5 кабаттуу үйлөрдү жылуулукка кошууну пландап, жашоочуларга түшүндүргөндө баары колдошту. Жаңы жылга чейин 350 абонентке жылуулук берүүгө колдон келишинче аракет жасап жатабыз. Ал эми борборлоштурулган жылуулукка улангандарга 9-ноябрда тарта жылуулук берип баштайбыз», - дейт Нурлан Атабаев.
Болжол менен эсептегенде жылуулук үчүн 1 бөлмөлүү үйлөргө айына 1200 сомго чейин, 2 бөлмөлүү батирлерге 1600-1800, 3 бөлмөлүү батирлерге 2000 сомдун тегерегинде акча төлөшөт. 800 тонна көмүр керектелет. Отканадагы кампадаларга көмүр түшүрүлдү.
Аталган филиалга караган 9 откана бар, андагы 20 отказан иштейт. 900дөн ашууна абонент бар. Көп кабаттуу үйлөрдүн сырткары 5 бала бакча, 3 мектеп, 7 мекеме-ишканаларды тейлейт.