Turmush — Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айылдык кеңешинин депутаты соттун өкүмү менен Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык ооруканага жөнөтүлдү.
Мында чечим Кадамжай райондук соту тарабынан кабыл алынган. Бул өкүмдү Баткен облустук соту да күчүндө калтырды. Соттор кармалган депутат стационарда дарыланууга муктаж деп эсептешкен.
- Буга чейин УМКнын басма сөз кызматы баңгизат ташуу менен алектенген топту Кадамжай районундагы жергиликтүү кеңештин депутаты О.М.Б. менен тажик баңгизат ташуучулары уюштургандыгын кабарлаган. Депутат О.М.Б. Тажикстандан келген баңгизаттарды Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга өткөрүү жана сатуу каналдарын түзгөн.
2021-жылдын 7-июнунда Кадамжай шаарындагы атайын операция учурунда депутат О.М.Б. Өзбекстанга кете турган баңгизаттарды сатууга аракет кылып жаткан учурда кармалган.
Күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү анын унаасын жана жана жашаган жерин тинтүүгө алышкан. Анын жыйынтыгында 9 кг чийки апийим, 4 кг гашиш, 37,5 кг марихуана, 1 ок атуучу курал (уруксат кагазы жок), 232 миң доллар, 42 млн 299 миң 500 сум (өзбек валютасы) жана 106 миң сом акча табылган. Бул факт боюнча 3 адам — О.М.Б., О.К.М. жана О.К.А. кармалып, Баткен ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бул иш боюнча баңгизат сатууга катыштыгы бар Тажикстандын жарандарынын тактоо боюнча аракеттер жүргүзүлгөн.
- Иштин фигуранты Оматка (аты өзгөртүлдү О.М.Б.) Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакция) 267-беренесинин 3-бөлүгү (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо), 253-беренесинин 2-бөлүгү (уралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана 215-беренеси (ылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу) менен айып тагылган болчу.
Бул иш боюнча кенен маалыматты биздин сайтка катталуу менен окуй аласыз.