Turmush — Бакай-Ата районунда жаңы кадрдык дайындоолор болду.
Маалым болгондой, Министрлер кабинетинин 27-октябрындагы №703 сандуу буйругу менен Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп Мамбетов Сейдимар Талайбекович дайындалды. М.Мамбетов буга чейин Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы кызматын аркалап келген.
Сейдимар Мамбетов
Ошол эле күнү №704 сандуу буйрук менен Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары болуп Качиев Эшим Макулбекович дайындалды.
Эшим Качиев
Э.Качиев «Кыргызпочтасы» ААКтын Талас райондук филиалынын жетекчиси болуп иштеп келген.
- Жаңы жетекчилердин резюмелерин биздин сайтка катталуу менен окуй аласыз.