Turmush — Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Биймырза айылынын 50 жаштагы тургуну Айгүл Матаева кыргыз шырдагын жасоону унутта калтырбай, өнүктүрүп келе жатат. Чебер айым менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маектешти.
Уз айымдын айтымында, кол өнөрчүлүктүн бардык түрүн өздөштүргөн. Шырдак шырып, боз үйдүн жасалгаларын жасайт.
«Негизи үйдө жүндү жана пахтаны кайра иштетүүчү апараттарым бар. Бирок аны жалгыз иштетпейм. Иштейм дегендерди жумушка алып алгам, чогуу иштетебиз. Кол өнөрчүлүккө кичине кезимден эле кызыгып баштагам. Апам чеберчилик менен алектенчү, 5-6 жашымдан эле апамды карап отуруп, тигип жаткандарына көз салчумун. Анан апамдан ашып калган кыркындылардан ар кандай колумдан келген нерсени тигип койчумун. Байпак токуп, көргөн-билгенди жасап алчумун. Кийин ошол бойдон эле калып калды. 10 жыл мурун кайрадан кол өнөрчүлүктүн үстүндө иштеп, элге төшөк-шырдактарды жасап, сатып жүрдүм. Элдин суроо-талабы көбөйүп калганда ишкана ачсам болчудай деп көзүм жеткенде гана чакан жумушчу топ түзүп, кызыккандарга үйрөтүп, жеринен иштегендерди кабыл ала баштагам. Мындан 3 жыл мурун карантин мезгилинде чакан ишкана ачып калдым, ал жылы иштебей токтоп калдык. Кийинки эки жылдан бери жакшы, буюрутмаларды алып, иштетип калдым», - дейт ал.
Кол өнөрчү шырдак жасоо көп эмгекти талап кыларын айтат.
«Ооба, шырдак жасоо жеңил-желпи иштерден эмес. Ар бир айыл өкмөттөн тез иштеген төрттөн жумушчуга шашылыш буюртмаларды жасатам. Ал эми шашпай иштеген чеберлерге «шашпай бүтүрүп бер деген» кардарлардын буюртмасын шырытам. Шырдак дароо эле жасалып калбайт. Алгач жүндөрүн атайын жүн алып келген кардардан алып алам. Андан соң жууп-тазалап, станоктордо жүндү даярдап, жүндү оюп берем. Кийин чеберлер келип, үйлөрүнө алып кетип, шырдакты шырып келишет. Андан соң гана шырдак даяр болот», - дейт ал.
Кол өнөрчү шырдактын пайдасы тууралуу айтып өттү.
«Койдун жүнүн алып келген өзүбүздүн кардарларыбыз бар. Себеби райондо койдун породасын жакшыртабыз деген менен жүндөрү кылчыктуу болуп кеткен. Кылчыктуу жүн бизге болбойт, талапка жооп бербейт. Себеби кылдары чыгып калат. Ошондуктан дайыма алып келип берген, ишеничтүү кардарларымдан сапаттуу жүн алам. Ал койдун меринос деген породасынан болот. Ал уяң, жылмакай, жумшак, отурганда денеге жагымдуу анан сапатту кийиз болот. Кара-Кулжадан, Алайкуудан жүн алдырабыз. Адамдын ден соолугуна пайдалуу болсун деп кылчыктуу эмес, уяң жүндөрдөн кийиз жасайбыз. Сатып алуучулар, кардарларыбыз ыраазы болуш үчүн сапаттуу жүн колдонобуз. Бут оорулууларга, муун ооругандарга пайдасы тийсин деп жылкыга керектелүүчү токумдарды, көрпөлөрдү, ошондой эле унаалардын отургучуна кийизден төшөктөрдү жасай беребиз. Россияга кеткен кыргыз балдарына кийизден төшөк жасап, буюртмаларды кабыл алабыз. Кийиздин дагы бир касиети — нымдуулукту, суукту өзүнө тартып алып, адамга жылуулук берет», - дейт ал.
Айгүл Матаева 1972-жылы 22-декабрда Кара-Кулжа районуна караштуу Биймырза айылында туулган. Бир кызы студент, кесибинен сырткары дизайнерликти кошо окуп жатат. Дагы бир кызы кол өнөрчү, тикмечи. Ал учурда үй-бүлөлүү. Уулу жана жолдошу сүрөт тартып, оймо-чиймелердин сүрөтүн кийизге түшүрөт.
Кол өнөрчү сынактарга катышып, өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата, Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата уюштурулган республикалык сынакка Ош облусунун атынан барып, 2-орунда алды.
Айгүл Матаеванын айтымында, бул өнөр апасынан өткөн. Ал эми апасына таенесинен калган, муундан-муунга өткөн өнөр болуп саналат. Өзү 12 бир тууган, 9 уул жана 3 кыздын ортончусу.