Turmush — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылынын тургуну Эдилбек Искаков тоолуу аймакта алма бак өстүрүп, киреше таап келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
«Бак отургузуп, жер менен иштөө ырахат тартуулайт. 60 сотых жерге жапыз бойлуу (карлик) алмалардын көчөттөрүн отургуза баштадым. Бизде аба ырайы салкын болгондуктан алма, алмурут өстүрүү кыйынчылык жаратат. Мисалы, 5 жылдын 2 жылында үшүк алып кетет десек болот. Ал жылдары алма жок. Мен бакты жакшы карап үшүк албаган, мөндүр сокпогон жылдары чыгым актатууга аракет кылам», - дейт ал.
Багбандын багында кышкы сорттогу 5 түр алма бар.
«Өстүрүү жолун айтсам, алманы жаз алды менен туура бутоо керек. Анткени бул түшүм алууга чоң таасир этет. Андан соң жерин жумшартып, кадимки эле малдын кыгын салабыз. Мен өзүм Теплоключенка органикалык коперативинде иштегендиктен табигый таза продукцияны өндүрүүнү көздөйм. Өз учурунда суугаруу да керек. Анткени алма ширелүү болушу үчүн суу да маанилүү. Мен башында айткандай эле алма бакта иштөө эргүү тартуулайт. Алма гүлүн ачканда, аппак кебезге оронгондой көрүнүп, таза абада бак ичинде сейилдөө да керемет. Түшүм жыйноо учурунда алманын көз жоосун алган кызыл өңү менен аңкыган жыты сонун», - деди ал.
Эдилбек мырза алма менен катар жер-жемиштерди да өстүрүрөт. Ал органикалык таза продукцияга эл өзгөчө көңүл буруу менен бааланышы керектигин айтат.
«Мисалы, биз өстүргөн органикалык алма менен химиялык жер семирткич колдонгон алманын килограммы бир эле баада — 25-30 сомдон сатабыз. Чет жерден алып келинген алмалар дүкөндө 100 сомдон өйдө гана сатылат. Ушул эле нерсени министрлик эске алып, таза продукцияны элге жеткирүү үчүн дүкөндөргө коюп, же баасын жогору кылса, багбандар да органикалык жол менен өстүрүүнү колго алат эле. Учурда алманы жеринен 20-25 сомдон сатып жатабыз», - деди ал.