Turmush — Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн айыл аймагынын Набережная-1, Набережная-2 көчөлөрүнө асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, Аламүдүн айыл өкмөтүнө караштуу «Муницстрой» муниципалдык ишканасы атайын жаңы техникалар менен камсыз болуп, жолдорго асфальт төшөлүүдө.
Айыл өкмөт башчысы Найзабек Көлбаевдин айтымында, кийинки жылы ички көчөлөрдүн 40 чакырымына асфальт төшөлөт.
«Айыл аймактагы ички жолдордон өтчү суу түтүктөрү жаткырылып, кум-шагыл төгүлүп, асфальт төшөөгө даярдалган. Негизги жолдорго асфальт төшөлдү. Бул иштер күн сууктаганча улантылат. Кийинки жылы 40 чакырымга жакын ички көчөлөр асфальтталат», - деди ал.