Turmush — Талас облусунун жашоочуларына жеңилдик кылуу максатында базар баасынан арзан көмүр алынып келип элге сатылууда. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Бакай Садыров билдирди.
Маалым болгондой, демилге өкүлчүлүк тарабынан көтөрүлүп, каржылык колдоо «Альянс Алтын» компаниясынын өнүктүрүү фондусу тарабынан болгон.
«Бул жылы Талас облусунда көмүрдүн баасы жылдагыга салыштырмалуу жогорулады. Анын башкы себеби коңшу Казакстан мамлекети өздөрүнөн чыккан көмүрдү экспорттоого тыюу салган. Андыктан базарда көмүрдүн тоннасын жеке жактарга сатууда наркы 7-8 миң сомго чейин болууда. Тургундарга жеңилдик кылуу максатында Кара-Кече көмүр кенинен көмүр алып келүү ишин уюштурдук. Облусубузга ар дайым жардамын берип келген «Альянс Алтын» фондусу көмүр ташып келүү үчүн кайтарымдуу негизде пайызы жок 2 миллион сом бөлүп берди. Келишимдин негизинде көмүр ташыган тарап Талас шаарында 5200 сомдон жана райондордун борборлорунда 5300, 5500 сомдон элге жеткиликтүү сатышат», - деди ал.
Жерүй кенин иштеткен «Альянс алтын» компаниясы түзгөн «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду өткөн кыш айларында дагы жергиликтүү тургундарга көмүр таңкыстыгы жаралганда жардам берген.