Turmush — Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясынын «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду облусту жашылдандырууга кезектеги салымын кошту.
Маалым болгондой, 21-октябрь күнү «Жашыл Мурас» улуттук программасынын негизинде айлана-чөйрөнү жашылдандыруу максатында Чыңгыз Айтматов атындагы Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунун башталышына, тактап айтканда Өтмөк ашуусунун чыгыш тарабындагы кире беришиндеги 50 сотых жерге 160 түп туя, 66 түп ак кайың отургузулду. Башта белгиленгендей, бардык чыгымдарды «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду каржылап, көрктөндүрүүгө 400 миң сом каражат бөлгөн.
Көчөттөрдү отургузуу иш-чарасына облус башчысы Бактыбек Нарбеков, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун жетекчиси Батырбек Качкымбаев, Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов жана Талас облустук токой чарбасынын токойчулары, андан тышкары мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер катышты.