Turmush — Кечээ, 20-октябрда борбор калаада өткөн «АгроТехЭкспо-2022» көргөзмөсүнө Панфилов районунан 1010 кг салмактагы буканы алып келишти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Аны көргөзмөгө панфиловдук Арстанбек Ногоев алып келди. Эт багытындагы бука 6 жашта. Породасы — эт багытындагы кыргыз бука.
Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бишкек шаарындагы Т.Усубалиев атындагы эски аянтында өткөн «АгроТехЭкспо-2022» көргөзмөсүнө балык, төө, бука, уй, кой, эчки жана жашылча-жемиштерди алып келишкен.
- Бука Ногоев Арстанбек Иманкулович — мурдагы айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин фермасында өстүрүлгөн.
Телефон номурун алуу үчүн Turmush басылмасына жазылуу керек.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.