Turmush — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Маман айылын тургуну Кумар Досалиев айылдаштары менен бирге мышык тамыр (валериана) казчу техника ойлоп тапты. Бул тууралуу ал аймактык кабарчыга билдирди.
Анын айтымында, мышык тамыр казчу техниканы жасоо үчүн 2 ай убакыт кеткен.
«Мен 20 жылдан ашуун убакыттан бери дыйканчылык менен алектенем. Өзүм да мышык тамыр өстүрөм. Киреше жакшы болгону менен түйшүгү да бар. Интернеттен көрүп отуруп, атайын техника жасоо ой келди. Анан айылдагы техникага жакын 4 баланы чакырып, алар менен кеңештим. Ошентип 200 миң сомго тетиктерин алып, 2 айда курап чыктык. Бул бир солдон казып, тамырды топурактан бөлүп берет», - деди ал.
Буга чейин мышык тамырды дыйкандар колго жана картошка казган техника менен алып келишкен.
«Мышык тамыр казууда түйшүк көп болчу. Картошка казган техника топурагы менен таштап кетет. Аны тазалоо үчүн элди да жалдап, иштетүү керек. Бир күндө 10 киши 10 сотых жерди бүтөт. Бул комбайн менен казып жана топурагынан ажыратып беребиз. Дыйкан жүктөп эле кетет. Бир күндө бир гектарды казып жатабыз. Казып берүү акысы 30 миң сом. Кезек күткөндөр арбын. Анткени эл жалдап иштеткенге кетчү чыгымдан өтө аз», - деди ал.
Бул жылы Маман айылындагы дыйкандар 300 гектар жерге мышык тамыр отургузушкан. Анын килограммы 100 сомдон бааланса, кургатылганы 500 сомдон алынууда. Мышык тамыр Германияга экспорттолот.