Turmush — Өткөн аптада Ош шаарында өткөн орус-кыргыз инвестициялык форумунун алкагында Ысык-Көл облусунда беш жылдыздуу мейманкана куруу боюнча 50 миллион долларга чейинки инвестициялык долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду.
Кол коюуга катышкан президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев бул келишим боюнча толук маалымат жок экенин Turmush басылмасына билдирди. Учурда бул маселе боюнча иштер жүрүп жатат.
Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкана куруу боюнча 50 миллион долларга чейинки инвестициялык долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча макулдашууга Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков, «Тумар Инвест» ЖЧКсынын жетекчиси Улан Осмонов, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев кол койду.